Шаар бул жөн гана көп адамдар жашаган аймак эмес. Адамзат тарыхында шаардын пайда болуусу өнүгүү тарыхыбыздагы маанилүү тепкичтердин бири болуп эсептелет. Улуу ойчулдарыбыздын бири Аль-Фараби бул тууралуу “Шаар – бул медениет (цивилизация). Айылда медениет жаралуусу мүмкүн эмес” дейт. Тарых сабагында же болбосо тарыхый тасмалардан көптөгөн илгерки шаарлар тууралуу айтылат. Бирок алардын канчасы биздин күнүбүзгө чейин жетти? Бул макалабызда дал ушул суроого жооп издейбиз.

Дамаск, Сирия (болжол менен б.з.ч 2500-жыл)

Тарыхка бай шаарларды бир канча жылдан бери кейиштүү тагдырга туш болгон Сириянын борбору Дамаск менен баштайбыз. Дамаск эң улуу шаарлардын бири болуп эсептелет, тарых барактарында ал жөнүндө биринчи маалыматтарды б.з.ч 2500-жылдары кезиктирүүгө болот. Кээ бир окумуштуулар анын жашын 6000 жыл деп эсептешет. Шаар Эски Келишимде да эскерилет жана бул миңдеген жылдар ичинде шаарга жөөттөр, ассириялыктар, перстер, римдиктер, түрктөр, арабдар ээлик кылышкан. Осмон Империясынын убагында маанилүү борборлордун бири болгон Дамасктын түркчө аталышы болсо — Шам.

Согуштун айынан көптөгөн тарыхый мурастарынан айрылган Дамасктын болжол менен 1.7 млн жашоочусу бар.


Бейрут, Ливан (болжол менен б.з.ч 3000-жыл)

Жакында портунда болгон чоң жарылуу менен баарыбыздын көңүлүбүздү бурган Бейрут шаары дагы биздин мезгилге чейин жеткен улуу шаарлардын катарын толуктайт. Ливандын борбор калаасында жүргүзүлгөн казуулар жана тарыхый маалыматтар боюнча бул аймак финикиялык, эллинисттик, римдик, араб жана осмон ээликтеринде болгон. Бейрут жөнүндө эң биринчи тарыхый эскерүүлөр чопо тактачалардагы Амарн жазууларында кезигет, б.ч.з 1300-жылына таандык. Шаардын бүгүнкү калкы 2,1 млн киши жана Ливандын борбору, эң ири шаары болуп эсептелет.


Газиантеп, Түркия (болжол менен б.з.ч 3650-жыл)

Кийинки шаарыбыз болсо тектешибиз, биз билим алып жаткан Түркияда жайгашкан. Газиантеп же болбосо Антеп бүгүн дагы өлкөнүн ири шаарларынын бири болуп эсептелет. Тарыхый маалыматтарга караганда Антеп Хититтер тарабынан негизделген. Хититтер бул аймактардан сырткары азыркы Сирия жана Палестинанын аймагында жа отурукташканы маалым. Орто кылымдарда Антеп Жибек жолунун боюндагы маанилүү мекен болуп эсептелген жана таттуулары, кездеме, килем базарлары менен атагы чыккан.


Сайда, Ливан (болжол менен б.з.ч 4000-жыл)

Ливанда жайгашкан дагы бир улуу тарыхтуу шаар бул – Сайда шаары. Жер ортолук деңизинин жээгиндеги Сайда шаары Бейруттан 41 км алыстыкта. Байыркы доордо Сайда Финикиялыктардын маанилүү шаар-мамлекеттеринин бири болгон. Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө караганда бул шаардагы адамдардын биринчи издери б.з.ч 4000-жылга таандык.


Эл-Файюм, Эгипет (болжол менен б.з.ч 4000-жыл)

Каирден 130 км түштүктө жайгашкан Эл-Файюм Эгипеттин гана эмес, Африканын эски шаарларынын бири болуп эсептелет. Маалыматтарга караганда Эл-Файюм Орто падышалык доорунда хан көрүстөндөрүнүн жана пирамидалык курулуштардын мекени болуп турган.

Шаар археологиялык мурастарга бай аймактардын бири жана кургак чөл климатынан улам көбүнчө табылгалар жакшы сакталып калган. Эң көп кездешкени Файюм бейнелери (портреттери) б.а I – III кылымдардагы көрүстөндөргө таандык бейнелер. Алар мумияланган сөөк менен бирге көмүлгөн жана мындай 700гө жакын портрет казылып алынган. Азыр бул табылгалардын көбүнчөсүн өз мекени Эгипетте эмес, Британ музейинде, Луврда, Нью-Йорк шаардык музейинде көрүүгө мүмкүн.


Библ, Ливан (болжол менен б.з.ч 4000-жыл)

Жогорудагы шаарлар жөнүндө окуган болсоңуз анда Ливан эски шаарларга бай өлкө экенин байкасаңыз керек.

Библ – бул Борбордук Ливанда орун алган байыркы шаар. Библ аймагына б.з.ч 4000-жылдан баштап адамдар отурукташа баштаганы маалым. Шаарды кылымдар бою өзгөчө кылып турган анын географиялык орду болгон. Анткени шаар деңиз жээгиндеги бөксө тоодо жайгашкан. Эки тынч бухта болсо шаардын порт шаар катары өнүгүүсүнө өбөлгө болгон, мындан улам Байыркы Грецияда Библдан экспорттолгон папирустар “библос” аты менен билинген. Бүгүнкү күндө Библ шаарында 3 миңдей адам жашайт жана өлкөнүн туристтик шаары болуп эсептелет.


Пловдив, Болгария (болжол менен б.з.ч 6000-5000-жылдар)

Европанын эң эски шаары кайсы шаар деп ойлойсуз? Рим. Карфаген. Стамбул. Жок. Азыркы Болгарияда жайгашкан жана калкынын саны боюнча борбор шаар Софиядан кийин Пловдив шаары Римден, Карфагенден, Стамбулдан дагы эски тарыхка ээ. Бул шаар биз фильмдер аркылуу тааныган Троя шаарынын курдашы болгон. Пловдив аймагындагы эң биринчи туруктуу жашоо издери б.з.ч 6000-жылга б.а неолит дооруна барып такалат. Бул миңдеген жылдарда Пловдив Рим, Византия, Никей жана Осмон империясынын башкаруусунда болгон. 1885-жылы Болгариянын карамагына кирген Пловдивде 370 миңдей тургун жашайт.


Алеппо, Сирия (болжол менен б.з.ч 6000-жыл)

Кылымдарды артка калтырып анан адамзаттын эң өнүккөн доору деп эсептелген XXI-кылымда аянычтуу тагдырга туш болгон кийинки улуу шаар – Алеппо. Алеппонун Сирияда жайгашканын көбүбүз шаардын тымтыракайын чыгарган согуш кабарларында уктук. Айтууларга караганда Алеппо б.з.ч 3000-жылдарда Финикиялыктар тарабынан негизделген. Бирок археологиялык маалыматтар бул аймактын б.з.ч 6000-жылдары адамдар байырлай баштаганын айгинелейт. Алеппо жөнүндө Борбордук Анадолуда, Эбла шаарында жана Эфраттагы Мари жазууларында кездешет, ал жазууларда Алеппо соода жана көркөм өнөрдүн борбору катары айтылат. Алеппо Сириянын калк эң жыш жайгашкан шаары болуп эсептелген жана 2 млн тургуну болгон.


Суза, Иран (болжол менен б.з.ч 7000-жыл)

Ирандын Суза (Шуш) шаары байыркы Месопотамияга жакын жайгашып, ал мезгилдеги Элам аттуу мамлекеттин борбор шаары катары атагы чыккан. Шаар жөнүндө биринчи маалыматтар Шумер булактарынан табылган. Окумуштулардын пикирине караганда б.з.ч 7000-жылдары бул аймакта отурукташуу башталган. Суза шаарында азыркы учурда 65 000дей тургун жашайт.


Иэрихон, Палестина (болжол менен б.з.ч 10000-жыл)

Тизмебизди болсо эң карыя шаар менен аяктамакчыбыз. Иордан дарыясынын батыш жээгинде, Палестин аймагында Иэрихон аттуу шаар жайгашкан. Бул шаар дүйнөдөгү эң эски шаар болуп саналат жана маалыматтарга караганда б.з.ч 10000 – 9600-жылдардан баштап калк жашаган. Байыркы мезгилде Иэрихонду Натуфий маданиятынын аңчы жана жер-жемиш жыйноочу калкы байырлаганы айтылат. Коло доорунда болсо өнүккөн шаар болгон. Шаар тарыхы боюнча көптөгөн кыйроолорго туш болгон. Азыркы мезилде 20 миңге чукул тургун жашайт.

Кийинки жазууларыбызда бул улуу тарыхка ээ шаарлардын ар бири тууралуу кенен маалымат берүүгө аракет кылмакчыбыз.