“Миграция – бул трагедия эмес”. Трагедиядан да жаман көрүнүш.

Мамлекеттин элитасымын, саясатчысымын, эксимин жб деп трибунадан төш каккандардын саясатынан улам келип чыгат миграция. Калкынын мугалими, доктору нанга жетпей атканда мамлекеттен 80 – 100миң айлык, пенсия алып, буга каршы чыкпоодон келип чыгат миграция.

Миграция – бул чет өлкөдө кор болгон Кыргыз жарандары, чыркырап отко күйгөн Кыргыз кыздары, жаштайынан оор жумушта иштеген Кыргыз жаштары. Миграция – бул ата – энесинин караанына зар болуп тирүүлөй жетим калган наристелер, бузулган үй бүлөлөр, кейиштүү тагдырлар.

“Миграция – бул трагедия эмес”. Миграция – өз элин кордогон, алдаган, тоногон саясаттын жемиши.