Конья - Түркия мамлекетинин чок ордонун ээлеген Анадолу аймагынын жүрөгүндө жайгашкан байыркы жана тарыхы бай шаарлардын бири. Рим жана Византия императорлугунун учурунда Икония (Иконион) ысымын алган шаар, 1071-жылы Селчук мамлекетинин султаны Алпарсландын Византия менен Малазгирт аймагында болгон согушта жеңишке жетишинден тарта Селчук мамлекетинин борбор шаарына айланган.

Селчук мамлекети өзү менен бирге бул шаарга Ислам динин алып келген. Дээрлик 350 жыл Селчук мамлекетинин борбору,  кийин Осмон империясынын саясий — стратегиялык коопсуздугун камсыз кылган Конья шаары -тарыхтын жандуу элестерин, жашаган элдин маданият, үрп — адат, салт, турмуш шартын жана санатын чагылдырган эстеликтери менен Түркиянын туристтик шаарларынын катарына кирет.

Коньянын борбордук көчөсү / архив

Коньянын символу — Мевлана

Алааддин тепесинен көрүнүш. Кечки Конья.

Коньянын эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири, “Көңүлдөрдүн шаары” аталышында. Бул аталыш XIII кылымдын улуу жана белгилүү дин адамдарынын бири, акын, тасавуфф илиминин жолун түптөгөн  айтылуу Мевлана Желаледдин Руми менен байланыштуу. Дүйнө жүзүнө Ислам аалымы, руханият, сүйүү менен достуктун символу жана Жараткандын досу катары таанылган Руми, жаш кезинде Конья шаарына үй бүлөсү менен көчүп келип жайгашкан жана бул шаарда көз жумган. Азирети Мевлана Коньяда жашаган жылдары бул шаар илим жана көңүлдүн бешиги эле. Мевлана өзүнүн илими менен карапайым калктын жүрөгүндөн түнөк таап, калкты агартууда эбегейсиз зор эмгек жумшаган жана  XII-XIII кылымда бүткүл Орто Азия менен биргеликте Анадолуну да басып алуу коркунучун туудурган моңголдордун зулумуна, адам чыдагыс эзүүсүнө каршы калкты руханий жактан күчтөндүрүп, караңгыда жарык чачкан, жол көрсөткөн жарык сымал жанып турган. Инсандардын көңүлдөрүн багынтканы жана Ислам динине жүрөктөрүн ысытканы үчүн ага “Көңүлдөрдүн султаны” наамы менен кайрылып башташкан. Кийинчерээк бул наам, шаар менен жуурулушуп, шаар “Көңүлдөрдүн шаары” атала баштаган.

Мевлана музейи. Азыр музей катары кызмат кылган бул жер илгери Селчук Хансарайынын Гүл бакчасы болгон жана Султан Алааддин Кейкубат тарабынан Мевлананын атасына берилген.

Азирети Мевлананын шаары болгондугуна байланыштуу, Конья, Түркиядагы Ислам дининин баалуулуктары жакшы сакталган шаар. Мечиттердин тарыхы жана кооздугу да жыл сайын келген туристтердин санын арттырууда. 800 жыл боюнча мусулмандар байырлаган бул шаардын калкы меймандос, берешен, кичипейил  жана эмгекчил келет. Жалпылап алганда өндүрүш, айыл чарба жана соода сатык менен алектенишет.


Мевлана музейи

Мевлана музейи жана Гүл бакча

Коньяда калктын жана меймандардын көңүлүн өзүнө бурган жерлердин башында, жогоруда аты айтылган Мевлана Желаледдин Руминин күмбөзү келет. Бул күмбөз 1273-жылы салынган жана азыркыга чейин зыяратчыларга ачык. Күмбөздүн ичи жана сыртында аны курчаган медресенин кичинекей бөлмөлөрү музей катары дагы калктын кызматында. Күмбөзгө улай, Мевлана Маданият Борбору жана Панорама музейи тарыхты жандуу чагылдырып турат. Мевлана Маданият Борборунда ар ишемби күнү  “Сема” көрсөтүүлөрү келген меймандардын жан дүйнөсүн эс алдырып, руханий күч берет.

Алааддин Тепеси

Алааддин Тепеси. Кыргыз тилине которсок «Алааддин дөбөсү». Айтууларга караганда бул дөбө кол менен жасалган. Селчуклулардын доорунда Хансарай дал ушул дөбөдө орун алган.

Шаардын борборунда жайгашкан “Алааддин Тепеси” мурун Селчук мамлекетинин хансарайынын жайгашкан жери эле. Селчук Империясы кулагандан кийин, хансарай дагы жок болгон. Азыркы мезгилде казуу иштери жүрүүдө жана эски тарыхый маалыматтар аркылуу бул хансарай  кайрадан калыбына келтирилмекчи. Селчук хансарайынын жанында курулушу ХI-XII кылымга таандык Алааддин мечити да орун алган.

Алааддин мечити

Селчук жана Осмон империяларынын заманында курулган, Ислам маданиятынын  кайталангыс архитектурасы болгон мечиттердин башында Азизийе, Селимийе, Ипликчи жана Шерафеддин мечиттери келет. Бул мечиттер кооздугу жана замандарды карыткан сүрү менен шаардын көркүнө көрк кошуп келет.  

Эски базардын көрүнүшү Селчук архитектурасынын негизинде кайрадан оңдоодон өткөрүлгөн.

XII-ХIII кылымдарда Коньянын илим шаары болушунун бирден бир себеби, бул жакта курулган медреселер менен байланыштуу болгон. Селчук мамлекети Ислам динин жаюу жана Ислам сабаттуулугун жогорулатуу, жаштарды илим менен сугаруу максатында Коньяда Каратай, Сырчалы, Инже Минаре ж.б медреселерин курган. Бул медреселер кийин оңдоодон өткөрүлүп, азыр тарыхый музей катары колдонулат.


Этлиекмек

Ар бир аймактын же шаардын өзүнө таандык тамактары болгон сымал, Коньянын дагы өзүнө тиешелүү белгилүү тамагы бар. Бул тамактын аты — Этлиекмек. Этлиекмек жука жайылган камырдын үстүнө этти майда туурап, тандырга бышыруу жолу менен жасалат. Жеңил жана тандырга бышкан эттин даамы Коньяга келген бардык меймандарды тамшандырат. Конья мэриясы тарабындан шаардын дээрлик бардык райондорунда, борбордук коомдук жайларында ачылган “Кафем” жана “Конья мутфагы” кафелери элге жана меймандарга даамдуу тамактарын жана жогорку кызматын арзан баада сунуу менен бирге, калктын көңүлдүү эс алуусуна шарт түзүп беришкен.  

Конья этлиэкмеги жана чалап

Коньяга келген туристтердин жана жергиликтүү калктын баса белгилеп, суктанган башка бир өзгөчөлүгү — шаардын тазалыгы. Коньяда шаардын тазалыгы үчүн өзгөчө көңүл бурулган, натыйжада, Конья Анкара жана Стамбул шаарларынан бир канча эсе таза.


Велосипедчилердин шаары — Конья

Шаарда велосипед жолдору өзүнчө салынып, атайын желим сыр менен сырдалган.

Коомдук транспорт трамвай, автобус, минибус жана велосипеддер аркылуу камсыздалат. Карапайым калктын 70% коомдук транспортту колдонгону үчүн, шаарда тыгын көйгөйү жок. Андан сырткары, Конья, Түркия боюнча эң узун велосипед жолуна ээ.  Шаардын белгилүү жерлеринде “Унибайк” велосипед станциялары жайгаштырылган. Ал велосипеддерди колдонуу үчүн, телефонго тиркеме жүктөө, тиркемеден банк карточкасы аркылуу белгилүү бир мөөнөт үчүн акча төлөө жетиштүү. 2020-жылдын  август айынан тарта шаарда атайын велосипедчендер үчүн трамвай жүрүп баштады. Ал трамвайларда, велосипедчен адамдар үчүн бардык шарттар каралган жана ыңгайуу.

“80 Гүнде Деври Алем” паркы.

Ошол эле учурда Конья, бир гана тарыхый эстеликтер менен чектелбестен, заман менен жарышкан, замандын талабына ылайык келген парк, эс алуучу жайлар, атайын борборлорго дагы бай. Маселен, “Конья билим борбору”, “Келебеклер вадиси” (Көпөлөктөр капчыгайы), “80 гүнде Деври Алем” паркы (80 күндө дүйнөнү кыдыр), Элдик китепкана, “Түрк Йылдызлары Паркы” (Түрк жылдыздары паркы), “Торку Арена” 42 миң кишилик, дүйнөдөгү эң мыкты 5 стадиондун бири ж.б.

“Келебеклер вадиси” (Көпөлөктөр капчыгайы)
Коньядагы жоогазын гүлү өстүрүлгөн талаалар

Өткөн заман менен азыркы учурдун, тагыраагы, тарых менен заманбап жашоонун айкалышуусунан улам уникалдуу бир шаарга айланган Конья, Мевлана Желаледдин Руминин: “Кез дүйнөнү, кел көр Коньяны” деген чакыруусу менен сиздерди күтүүдө…