Биринчи кезекте Иран-Фарси түшүнүгүн тактап алуу керек. Биздин коомго славян тили, түрк тили дегендей ирандыктардын, күрттөрдүн, белжулардын, тажиктердин жалпы тили фарси тилдер деп түшүнүп калганбыз. Бирок фарси тили бүгүнкү Иранда жашап жаткандардын гана тили болуп эсептелип, бул тилдерди Ирани тилдер деп атап коюшат. Ошондуктан биз жазуубузда иран-фарси деп колдондук.

Дарыя – бул сөздү биз агып жаткан чоң сууга карата айтабыз же орусчадагы река маанисинде колдонобуз. Фарсчадан кирген бул сөздүн түпкү мааниси деңиз деген маанини берет. Ал эми фарсчадагы дарыя деген сөз “руд” رود  деп колдонулат. Балким бул сөз Орто Азиядагы көлөмү деңиздей болуп көрүнгөн Сырдарыя жана Амударыядан кийин келип чыккан. Бирок кыргызча дарыя деп туура эмес колдонуп жүргөнүбүз менен анын өзүбүздүн тилдеги каршылыгы “өзөн, сай, кем” деген эле сөздөр. Ошондуктан Ак-Сай, Чоң-Сай, Көк-Сай, Орто-Сай деген сөздөр же болбосо Сары-Өзөн, Чоң-Өзөн, өзөн бойлой деген сөздөрүбүз бар эмеспи. Ал эми эне-сайлык кыргыздар дарыя же өзөн сөзүн “кем” деп аташкан. Эне-Сай дарыясына Кем-Кемжут деген сөз берилген. Ошол эле Кемин сөзү да суу деген аталыштан келип чыгышы мүмкүн.


Жөжө — деген сөздү тооктун баласына айтабыз. Фарсча жуже сөзү бизде тооктун баласына карата айтылып калган. Бирок мунун кыргызчадагы айтылышы балапан деген эле сөз. Кыргызчада балапан сөзүн чымчык, куштардын баласына айтып, тооктун баласына жөжө сөзүн колдонуп алганбыз. Болбосо тооктуку деле балапан да.


Дарак – бул сөз фарсчада дерахт деп айтылып, кадимки дарак маанисинде колдонулат. Кызыгы бизде жалгыз өсүп турган бакка дарак дейбиз да, көп болуп өскөн дарака бак деп койобуз. Сейил бак, эс алуу багы, алма бак ж.б. Айрым учурда бак-дарактар деп да колдонобуз. Болбосо экөө эки тилдеги бир маанини берген сөз болуп эсептелет.


Нан – фарсчадагы бул сөз кыргыз тилине өтө терең кирген. Анткени ар күнү жеген тамагыбыз болуп саналат. Бирок бизде мунун кыргызчасы токоч. Кыргызчада токочту нандын кичирейтилген формасына колдонуп, чоңуна иран тилинен кирген нан сөзүн колдонуп калганбыз.


Шер – фарсчадагы мааниси арстан деген жырткыч жаныбарга карата айтылышы. Кыргызчада муну күчтүү, эрктүү, эр жүрөк адамдарга карта сыпаттайбыз. Ооба арстан күчтүү жаныбар болгону үчүн анын сыпатын адамдарга карата айтып калганбыз. Бирок кыргызча эле арстандай экен, арстандай күчтүү экен дебестен фарсчадагы шер экен деген маанисин колдонуп калганбыз. Анын түпкү мааниси кандай экенин көп биле бербейбиз.


 Дыйкан — деген сөз бар кыргызчада. Албетте дыйкан эмне экенин билебиз, бул сөздүн түпкү маанисин туура колдонгонубуз менен мааниси кандай экенин биле бербейбиз. Фрасчада дех айыл деген мааниде. Айылда иштегендер дехкан же болбосо дыйкан деп айтат. Фарсчадан биздин тилге кирген.

Фарс тилинин кыргыз тилине (орто азиялыктарга да) ушунчалык таасир эткендигин айрым диний сөздөр арабчадан эмес фарсчадан киргендиги таң калтырат. Мисалы: кудай, пайгамбар, намаз, бейиш, тозок, периште, тагдыр ж.б. Булардын арабчасы расул, салат, жаннат, жаханнам, кадер деген сөздөр. Кыргыздардын же болбосо жалпы түрк элдеринин эски диний ишенимдеринде андай сөздөр, түшүнүктөр кездешпегени үчүн алардын так кыргызча же эски түркчө каршылыгы билинбейт. Балким болсо да эл арасынада сакталып калбай, унутулган. Жыйынтыктап айтканда араб-фарси тилдеринен кирген сөздөрдүн көпчүлүгү түз эмес, ортодогу тажик, өзбек, татар, түрк элдери аркылуу да киргендиктен айрым сөздөрдүн түпкүлүгү өзгөрүп кеткен.


Дастанбек Разак Уулу


Измир Докуз Эйлүл Университети Коомдук илимдер университетинин докторанты, PhD.