Кыргыз тили байыркы тилдердин бири. Ошондуктан коңшу тилдерге салыштырмалуу өзүнө таандык сөз байлыгы көп. Бирок ошону менен бирге чет жактан кирген сөздөр да жок эмес. Айрыкча орто кылымдарда ислам дининин Орто Азияга таралышы менен араб, фарси тилдериндеги көп сөздөр Орто Азиялык түрк тектүү элдердин арасына кирген.

Анын ичинде кыргыздарга да араб, фарс тилиндеги сөздөр киргени күнүмдүк колдонгон сөздөрдөн белгилүү. Алар учурда тилибизге ушунчалык терең сиңишип калгандыктан, ал сөздөрдү тилибизден чыгарып салуу мүмкүн эмес. Бирок ошол эле учурда айрым сөздөрдүн түпкү маанисин туура эмес колдонуп жүргөнүбүздү биле бербейбиз.


Арабчадан кирип мааниси оошуп колдонгон сөздөр

Рахмат – бул сөздү биз гана эмес, бүткүл Орто Азия түрктөрү, ал гана эмес, татар, башкыр тилдеринде да ыраазычылык маанисинде колдонулат. Бирок бул сөздүн арабчадагы түпкү мааниси кечирим, ырайым деген мааниде. Рахматуллах деген аттар да коюлуп жүрөт. Бул кадимки Аллах кечирсин деген мааниде. Ошондо биз бирөөгө ыраазычылык билдирип жатып рахмат же болбосо кечир деген сөздү айтат экенбиз. Анан да өлгөндөргө раматылык деп да айтып калабыз. Бул рахматуллах же болбосо Аллах кечирсин деген мааниде айтылган сөз. Ал эми рахмат сөзү арабчада  шукран деп айтылат.


Дөөлөт – бизде бул сөз, сый урмат, бакыт, байлык сыяктуу мааниде колдонулат. Ооба булар туура. Бирок дөөлөт сөзүнүн түпкү мааниси арабчадагы давлат  دولة  көбүнчө өлкө, мамлекет деген сөздүн маанисин да берет. Аны коңшу өзбек, тажик туугадар да мамлекет маанисинде колдонуп жүрүшөт. Кыргыз тарыхчылары да Улуу Кыргыз Дөөлөтү деп айрым учурда колдонуп калышат. Биз дайыма мамлекет сөзүн колдонобуз. Бирок ал да арабчадан кирген сөз.


Таксыр – бул сөздү азыр кыргыздар арасында айрыкча динге бекем болгондор арасында көп колдонулат. Көбүнчө динге бекем, такыба адамдарга, молдолорго таксыр деп сый иретинде айтабыз. Бирок бул сөз кайдан келгени белгисиз. Ислам дини алгач арабдарга түшүп, алардын тили менен тарагандагы үчүн көп термин, сөздөр арабча колдонулуп калган. Таксыр сөзү да арабчадан кириши мүмкүн. Бирок арабчадагы таксыр сөзү жетишсиз, кем, туура эмес кылуу деген маанини бергени таң калтырды.


Эркин Тоо” гезити 1924-27-жылдары кыргызча арап арибинде басылып турган

Маданият – биз кыргыздар же болбосо жалпы орто азиялыктар маданият сөзүн культура сөзүнүн түшүндүрмөсү катары колдонобуз. Бирок маданият деген сөздүн арабчадгы мааниси көп. Мисалы шаарлашуу, имараттарды, курулуштарды куруу, шаарга ылайыктап жашоо дегенди түшүндүрөт. Отурукташкан шаарлашкандарды мадани, айлдык, көчмөндөрдү бедеви (бедиун) деп аташат. Экинчи жагынан ой, пикир, идеяларды да маданият деп айтып жалпы мааниси цивилизация деген түшүнүктү берет. Албетте ивилизацияда маданияттын туу чокусу же маданияттардын топтолушун айтат эмеспи.  Бул “مدني” мадани деген сөдөн келип чыгат. Мадани сөзү жаран, атуул (орус граждан) лат civil маанисин берет. Сивил сөзүнөн цивилизация (civilization) сөзү келип чыккандай эле мадани сөзүнөн маданият деген сөз келип чыккан. Бирок учурда цивилизацияны арабча маданият сөзүнүн тышкары хазара деген  сөздү колдонушат. Ал эми арабча биз колдонгон маданият же культура сөзүнүн арабчасы тсагафа ( ثقافة) болуп айтылат.


Мусаапыр – бул сөз кыргыз тилинде байкуш, эч нерсеси жок, көчөдө калган, тилемчи, бечара маанисинде кирип калган. Арабчадагы түпкү мааниси “мусафыр مسافر “ сапарга чыккан, саякатчы, жолчу сапардагы адам деген маанини берет. Негизги максаты сафар, сапар деген сөздөн келип чыккан. Ал эми түрктөр бул сөздү конок, мейман катары  колдонушат.


Молдо Кылычтын араб алфавити менен жазган кол жазмасы

Мал –  арабчадагы مال сөзүнүн түпкү мааниси мүлк, байлык, товар маанисинде. Бизде бир гана колго кармаган үй жаныбарларга: уй, кой, жылкы, эчкилерге карта колдонобуз. Албетте алар да байлык, товар болуп эсептелет. Бирок биз башка байлыктар үчүн мал сөзүн колдонбойбуз. Арабчада баары үчүн мал сөзү колдонулат. Ал эми биз колдонгон үй жаныбарларга айбан арбча хайaван деген сөздү колдонушат. 


Мекеме – кыргыз тилине кирген бул арабча сөздү учурда тынбай колдонобуз. Аны кайсыл бир иш кананын жайгашкан жерин же мамлекеттик кызматтар жайгашкан жерди мекеме деп койобуз. Арабчадагы түпкү мааниси  махкама محكمة сот өкүмүн чыгарган жер, сотто, өкүм чыгаруу деген маанисинен келет. Ал биз колдонгон мекеме сөзүнүн арабчадагы колдонулушу муасаса  مؤسسة деп айтылат.


Даават – бул сөз Кыргызстан эгемендүүлүгүн алгандан кийин жашообузга кирди. Ислам динине чакыргандар дааватчылар деп аталып калды. 3 күнгө, 40 күнгө, 4 айга дааватка чыгышат, дааватка чакырышат. Азыр Кыргызстанда кимдир бирөдөн даават сөзү жөнүдө сурасаң дароо исламга чакыруу деген мааниде түшүнөт. Ооба арабчадагы түпкү мааниси кадимки эле чакыруу, чакырык деген сөз. Биз бирөнү жолугушууга, коноко, тойго, ишке, өлкөнү коргоого, ислам динине же башка бир жерге деле чакырышыбыз же даават кылышыбыз мүмкүн. Бирок даават сөзүнүн ордуна чакырыкты колдонуп 3 күнгө же 4 айга чакырыкка чыгып келели десе эч ким түшүнбөй калышы мүмкүн.


Дастанбек Разак Уулу


Измир Докуз Эйлүл Университети Коомдук илимдер университетинин докторанты, PhD.