Эл кыйналып турат, эмдиги жылы мындан да кыйын болот деп Президент баш болуп, баары айтып жатат, а биз болсок, 1994-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдыгын өткөрөбүз деп чамынуудабыз.

САЛИЖАН ЖИГИТОВ: Эл кыйналып турат, эмдиги жылы мындан да кыйын болот деп Президент баш болуп, баары айтып жатат, а биз болсок, 1994-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдыгын өткөрөбүз деп чамынуудабыз. Ага ООНдон жардам сурайбыз, Түркиядан сурап атабыз, элден сурап атабыз. «Өзүңдүн эчтемең жок болсо, бирөөдөн жардам сурап да той өткөрчү беле?» деген киши жок.

«Манастын» 1000 жылдыгы 1948-жылы өтөт деп өтпөй калган, андан бери күткөн, дегеле 1000 жылдан бери күтүп келаткан «Манас» 2000-же 2050-жылга эптесе да күтө турат эле го.

САЛИЖАН ЖИГИТОВ

Ага чейин экономикалык жактан тирденип алышыбыз мүмкүн беле? Сөзсүз эле бороондуу күнү өткөрүшүбүз керекпи? Акыркы жылдары мындай тойлордун канчасы өткөнүн санаш кыйын болуп калды. Ал тойлорго ошо бийлик башындагылардын бирөө бир тыйын чыгарды бекен? Мындай дүңгүрөгөн тойлор дагы эле болсо үйүндө үрүп чыгар ити жок, бирок бардыгын көтөрүп көнгөн көкүрөгү баатыр карапайым калк эсебинен өтүүдө…».