“Досум! Сага айткандарымды жан адамга айтпашың керек. Менин көзүм тирүү турганда мен сага ушундай талап коём, ал эми көзүм өткөндөн кийин жазгандарымды кимдерге айтсаң, кандай айтсаң, ал жагын өзүң бил. Анда эмесе, ой-толгоо, баянымды, башыман нелер өттү, келечекте мени нелер күтүп турат, баарысын тыңдап тур”.

07.09.1928
БКда болдум. Жээнбаевдин иши боюнча. Биз жумушчу борборуна иштөөгө жиберсек, бул жактан аны дыйкандар районуна жиберип коюшуптур. Бул туура эмес, аны жумушчу райондорго которуу маселесин койдум, ошондой болот деп алар убада беришти.
НКПпрос-Эл агартуу эл комиссариатында болуп, А.В. Луначарский менен Анварды Москвадагы балдар үйүнүн бирине орноштуруу боюнча сүйлөшөйүн дегем. Бирок ордунда эмес, 10до болот экен. Хинчукту дагы эле кармай албай жатам, дайым эле бир жактарда жоголуп кетет. Чоңдордун эшигин жыртып жүргөндөн тажап кеттим.

09.09.1928
БКда бирге иштешкен жолдоштор менен жолуктум. «Учурдагы маселелер» жана БКнын саясаты тууралуу сүйлөштүм. Анын тууралыгына эч кимдин деле ишеними жок. Тандап алган багыттын жана жүргүзүлүп жаткан иштердин тууралыгына. Анын натыйжасында орточо звенодогу партактивдин маанайы пас. Жооптуу иштерден качуу, жооптуу болгусу келбегендик орто звенодогу партактив үчүн мыйзамдай болуп калды.

Москваны көргөндө менин маанайым чөгө түштү. Мамлекеттик аппараттын бюрократиясы, активдер арасында кандайдыр үмүт үзүлүү, пессимизм пайда болду, сырттан келгендерге ушунун баары даана көрүнүп турат. Бул ээрге эптүү отурбагандарды, күрөшүп жаткан иштерибизге жеткире ишене албагандарыбызды андан бетер алсыратып салды. Москвадан тезирээк кетиш керек. Аймактарда иштеген эң жакшы жана тынчыраак да болот. Кантсе да элдин турмушуна аралашасың жана өз ишиңди билесиң.
Вардин келген. Аны менен тааныштым жана түштөнүүгө бирге бардык. Мага ал жигит жагып калды. Оппозициянын арасында жакшы балдар бар. Кечке Бористикинде болдум.