Шаардык — айылдык, билимдүү-билимсиз, башкаруучу-башкарылуучу, жаш-кары, аял-эркек – баары, мейли алар ким болбосун билими менен, балким билек күчү менен жапа тырмак иштеп, өлкөнүн өнүгүү жолдорунун үстүндө ойлонуп, чын ыкластан өз салымдарын кошуусу абзел.

Өлкөлөрдүн күчтүүлүгү же алсыздыгы, улуттардын таанылуусу же артта калып жок болуусу, бир гана жетекчилердин кемчилдигинен, компетентсиздигинен, күчсүздүгүнөн, иш бүтүрө албастыгынан эле эмес. Керек болсо, жетекчилер жакшы болсун же жаман болсун, мейли эл баатыры, жада калса заалым болсун, алар элдин бир күзгүсү болуп саналат жана элдин абалын толук чагылдырышат. Алар элдин дал өзүнөн бөлүнүп чыккан улуттук рухтун бирден нускалары болуп эсептелинет. Калктын көпчүлүк массасы кандай абалда болсо, башкаруучулар да дал ошондой абалда болушат. Мына ошол үчүн мурдатан бери: «Ар бир улут ылайык болгон абалына жараша башкарылат» деген сөз айтылып келет.
(Григорий Петров. Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы. Бишкек: 2013. – 17 б.)