1950 – 1960 - жылдар Түрк саясатында “Демократ партия доору” деп аталып калган. Бул 10 жыл ичинде Баш министрлик кызматты аркалаган Мендерес калктын эркиндиги, экономикада либералдуу политика, жеке секторго көбүрөөк жардам берүү, дин жаатында тыйууларды азайтуу, валюта эркиндиги сыяктуу реалдуу кадамдарды жасаган.

Демократ партиясы 1946-жылкы шайлоодо 61 депутат менен парламентке кирүү укугуна ээ болот (деп. жалпы саны: 461). Кийинки 1950 – жылкы шайлоодо добуштардын %53,35 алуу менен парламентте 408 орунга ээ боло алган.

Ошентип 1950 – 1960 — жылдар Түрк саясатында “Демократ партия доору” деп аталып калган. Бул 10 жыл ичинде Баш министрлик кызматты аркалаган Мендерес калктын эркиндиги, экономикада либералдуу политика, жеке секторго көбүрөөк жардам берүү, дин жаатында тыйууларды азайтуу, валюта эркиндиги сыяктуу реалдуу кадамдарды жасаган. Бул аралыкта экономикада болуп көрбөгөндөй өнүгүү болгон. Мисалга шекер өндүрүү: 1950-жылда 137.000, 1960та 643.000; айыл чарбада колдонулган трактор саны: 1949да 3103, 1958те 43.872 жб.

Бирок толук эмес болсо дагы ишке ашырылган эң чоң эмгеги мамлекеттик башкарууда аскер жана бюрократиянын таасирин азайтуу менен сивил башкаруу системасын куруу аракети болгон. Бул жараяндын убагында аскер жана бюрократияда чоң таасирге ээ РЕП («Республикалык элдик партия») менен күрөшүүгө жана аны алсыздандырууга туура келген.

1960-жылдын жазында кээ бир экономикалык проблемалар жана РЭПтин дагы түрткүсү менен Стамбул, Анкара шаарларында студенттик кыймылдар башталган. Ушул эле жылдын 27-майында таңкы саат 4тө “өлкөдөгү баш аламандыктардын алдын алуу” шылтоосу менен аскерлер мамлекеттик башкарууну өз колуна алганын жарыялаган.

Кармалган соң Йассы аралына алып барылып, атайын курулган Жогорку Адилет Кеңеши аркылуу жүргүзүлгөн сотто 14 киши өлүм, 30 киши өмүр бою камакка өкүм кылынган. Булардын ичинен Баш министр Аднан Мендерес, Каржы министри Хасан Полаткан жана Тышкы иштер министри Фатин Рүштү Зорлу дарга асылган.

Дарга асуунун себеби катары көптөгөн расмий жүйөөлөр көрсөтүлгөн болсо дагы чыныгы себептердин катарында сивил жана экономикалык эркиндик, аскерлерди жана бюрократияны саясаттан четтетүү, РЕПти алсыздандыруу, Кореяга аскер жиберүү сыяктуу кадамдар турганын көрүүгө болот. Анткени Мендерес тарабынан ишке ашырылган экономикалык реформаларга ал бийликтен четтетилген соң тыйуу салынган эмес.
Аднан Мендерес дарга асылган соң асуу чыгымдары анын үй бүлөсүнөн талап кылынган.