Menu

TR.KG

Кыргызстан-Түркия

Айсанат Муратбекова

Нежметтин Эрбакан Университети, Педагогика факультетинин студенти

Кез дүйнөнү, кел, көр Коньяны.

Конья - Түркия мамлекетинин чок ордонун ээлеген Анадолу аймагынын жүрөгүндө жайгашкан байыркы жана тарыхы бай шаарлардын бири. Рим жана Византия императорлугунун учурунда Икония (Иконион) ысымын алган шаар, 1071-жылы Селчук мамлекетинин султаны Алпарсландын Византия менен Малазгирт аймагында болгон согушта жеңишке жетишинден тарта Селчук мамлекетинин борбор шаарына айланган.